Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

Спратлен: региондун стабилдүүлүгү үчүн ТБнын ролу чоң


АКШнын Кыргызстандыгы элчиси Памела Спратлен мындай пикирин “Азаттыкка” билдирди. Вашингтон Ооганстанда аскерий гана иштерди жасабастан, бул өлкөдө саясий жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу аракетин көрүп жатканын белгилеген элчи АКШнын максаты – Ооганстанды коопсуз жана өнүккөн аймактын бир бөлүгүнө айландыруу экенин айтты.

““Манас” аба майданындагы транзиттик борбор АКШ жана анын антитеррордук шериктери үчүн абдан маанилүү. Бул жерде кыргызстандык 700 жаран иштейт жана барган сайын жергиликтүү ишканалар менен шериктештик күч алып жатат. Кыргызстан экономикалык жактан пайда таап жатканы да маанилүү. Бирок андан да маанилүү жагы: региондун стабилдүүлүгү үчүн да ТБ чоң роль ойнойт. Транзиттик борбор кеткенден кийин же калып калгандан кийин келечеги кандай болот – мен божомолдогум келбейт. Кыргызстан эгемен өлкө, ал өз улуттук коопсуздугуна жана улуттук кызыкчылыктарына байланыштуу маселелерди өз алдынча чечүүгө кубаты жетет”, - деди Спратлен. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG