Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Путин менен Нетаньяху Сириядагы кырдаалды талкуулашты


Орусия президенти Владимир Путин жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Сочидеги жолугушуусунда Сириядагы учурдагы кырдаалды талкуулашты. Анда орус президенти дүйнөлүк державаларды Сириядагы кырдаалды курчутчу аракеттерди жасабоого чакырды.

Путиндин бул чакырыгы Батыш өлкөлөрү Башар Асаддын режимин кулатуу үчүн сириялык козголоңчуларды курал менен камсыз кылуу жөнүндө талкуулары жүрүп жаткан мезгилге туш келди. Анын үстүнө Израил өткөн аптада Сириядагы бир катар объекттерге абадан соккуларды урган. Орусия болсо өзүнүн өнөктөшү Сирияга жана өлкө президенти Башар Асадга S-300 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплексин жөнөтүү планын билдирген.

Нетаньяхунун Орусияга сапары Сирия кризиси боюнча Москва менен дипломатиялык сүйлөшүүлөр күчөгөн кезге туш келди. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Орусияга ушул жуманын аягында келет. Өткөн аптада болсо Орусияга АКШнын мамкатчысы Жон Керри жана Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон сапар менен келип кеткен.

XS
SM
MD
LG