Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын курулушу 28-майда башталат


Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анын айтымында, ГЭСтер каскадынын курулушунун техника-экономикалык негиздемеси бекитилип, каржы булактары табылды.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча учурда техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу жана каржылоо булактарын табуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча былтыр, 20-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке сапары учурунда макулдашылган. Ага ылайык, аталган долбоорду толугу менен Орусия каржылайт, үлүш болсо теңме-тең бөлүнмөкчү. Келишимдин долбоорун февралда Жогорку Кеңеш, апрель айында Орусиянын Мамдумасы ратификациялаган. Өткөн жумада болсо бул келишимдерге Орусиянын президенти Владимир Путин кол койду. (BkA)

XS
SM
MD
LG