Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Пайзуллабек Рахмановдун соту уланат


Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин мурдагы башчысы Пайзуллабек Рахмановдун иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” маалымдады.

Пайзуллабек Рахмановго мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда Бишкекте Свердлов районунун акими, Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин жетекчиси болуп иштеп турганда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген” деген күнөө коюлган. Анын үстүнөн соттук жараян 30-апрелде башталып, бирок Рахмановдун саламаттыгы начарлаганына байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган.

“Ак жол” партиясынын мүчөсү Рахманов 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин сыртка чыгып кеткен. Жаңы бийлик ага эл аралык издөө жарыялап, 2012-жылдын 15-июнунда Казакстандын Жамбыл облусунан кармалган. Жанынан Беларустун жараны Пазыл Ташбаев деген жасалма документ табылган. Рахманов Казакстандан Кыргызстанга 29-январда алынып келген болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG