Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Токтонасыров Башкы прокуратуранын алдына акцияга чыгат


Укук коргоочу Башкы прокуратурадан мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарын Беларустан алып келип, жазага тартууну тездетүүнү талап кылат. Токтонасыровдун айтымында, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча жетишүү аракет көрбөй жатышат. Ошондуктан акция аркылуу бул маселеге коомчулуктун көңүлүн бурууну максат кылууда:

-Кыргызстандын күч органдарынын өкүлдөрүнөн атайын топ өткөн айда Бакиевдерди кайтарып алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт деп Беларуска кетти эле. Анын жыйынтыгы жөнүндө эч нерсе айтылбай эле, жым-жым болду. Эл болсо мындан бир майнап чыгабы деп чыдамсыздык менен күтүп жатат. Айрым кылмышкерлерди Кыргызстандан чыгарууда прокутура баш болуп, бардык органдар ыкчам иштейт да, Бакиевдерге келгенде маалыматтарды жашырып, эч нерсе билбей калышат.

Ошондой эле укук коргоочу кыргыз бийликтерин Бакиевдерди кайтарып бербесе Беларус менен дипломатиялык байланыштарды үзүүгө чакырууда. Өткөн айда Башкы прокуратура, ИИМдин өкүлдөрүнөн куралган топ Беларуска атайын сапар менен барып келген. Анда негизги максат кылмышка шектелген жарандарын алып келүү экени айтылган. Расмий маалымат боюнча, бул өлкөнүн аймагында кылмышка шектелген 50гө жакын Кыргызстандын жараны жашырынып жүрөт. Алардын көпчүлүгү Апрель ыңкылабынан соң президент Курманбек Бакиев менен кошо өлкөдөн чыгып кеткен мурунку бийликтеги адамдар жана алардын жакындары.(BkA)

XS
SM
MD
LG