Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:01

Аламүдүн базарынын жанындагы мушташ боюнча 5 адам кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди. Анын айтымында, окуяга күнөөлүү деп шектелген бир кыз кармалды. 26 жаштагы бул кыз ошол убакта мас болгон жана мушташка себепчи болгон.

“Кармалган кыз Аламүдүн базарынын жанында, эки унаа кагышканда биринчи унаага урунуп, жаракат алган кыздын тааныш-билиши да эмес. Бирок кыздын тууганы экенин айтып жардамга чакырганда, базардын жанына эл топтолуп келип, жол кырсыгына катышкан эки унааны коңторуп, ичиндегилерге кол көтөргөн. Андан сырткары мушташка тиешеси бар болушу ыктымал деп төрт бала кармалып, суралып жатат”,- дейт Сейитов.

Буга чейин базардын жанында уйгур жана кыргыз балдар мушташты деген маалымат тарап кеткен. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG