Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Таласта Жерүй боюнча митинг башталганы жатат


Талас облусунун Талас районуна караштуу Чат-Базар айылында учурда төрт боз үй тигилди. Аймактык кабарчыбыздын маалымдашынча, анда “Таластын кен байлыктарын коргоо кыймылы” деген чоң жазуу илинип турат. Учурда 50дөй адам чогулду. Дагы ондогон адам кендин өзүнө жөнөп кеткени маалым болду. Жергиликтүү эл Кумтөр маселеси чечилмейинче Жерүй кенин иштетүүгө каршы болуп жатат.

Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кечээки жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Таласта Жерүй кенин иштетүүгө каршы чыккандарды кескин сынга алды. Жерүй боюнча түзүлгөн комиссия кенди иштетүүгө инвестор чыкпасын билип туруп анын баасын көтөргөн деп белгиледи.

Жерүй кенин иштетүү үчүн сынак 13-майда аяктады. Ага “Континент финанс” аттуу англиялык компания гана документтерин жиберген.

Кыргыз өкмөтү Жерүй кенинин наркын 300 миллион доллар деп баалаган. Таластагы Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени болуп саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG