Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:07

“Ош шамы” гезитинин кабарчыларынын соту 22-майга жылды


Бул тууралуу басылманын редактору Тургунбай Алдакулов "Азаттыкка" билдирди. "Бизди коргоп жаткан жактоочу иш менен толук тааныш болбой калды. Анүстүнө күбөлөр да толук келген жок",-деди ал.

“Ош шамы” гезитинин кабарчылары: Назгүл Абдыразакова менен Сакчыбек Маматисаевдин үстүнөн жазылган арызды Ош шаардык соту Болот Сатыбалдиев карап жатат. Аларды шаардык №41-балдар бакчасынын мурдагы башчысы Бактыгүл Сулайманова сотко берген.

Анын айтымында, гезиттин 5-апрель күнкү санында аты аталган журналисттер «Жоопкерчиликсиз жетекчилер, абайлагыла!» деген аталышта макала жазышкан. Анда Ош шаардык кеӊешинин депутаттары №41-бала бакчаны текшерип, одоно мыйзам бузууларды аныкташканы тууралуу айтылган. Гезиттин башкы редактору Тургунбай Алдакулов билдиргендей, гезитке макала депутаттардан куралган комиссиянын протоколу катары басылган.

Балдар бакчасынын директору Сулайманова гезитке басылган макала адамдык абийирге шек келтирди деген кине менен журналисттерди сотко берген жана 50 миң сом төлөп берүүнү талап кылууда. (ErN).

XS
SM
MD
LG