Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:38

Кыргызстан-Кытай альтернативдүү темир жол куруу каралууда


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев “Казакстан темир жолу” улуттук компаниясынын башчысы Аскар Маминди кабыл алды. Расмий маалыматка ылайык, анда Кыргызстандан Кытайга альтернативдүү темир жолун куруу тууралуу сөз болду.

Атамбаев транспорт жана коммуникация министрине жана “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башчысына казак өнөктөштөр менен бул долбоорду ишке ашыруунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоону тапшырды. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG