Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Кремль: Шпиондун чатагы АКШ-Орусия алакасын жакшыртпайт


Кремлдин билдиришинче, америкалык дипломаттын Орусиянын коопсуздук агенттигинин офицерин АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы-ЦРУ менен кызматташууга көндүрүү аракети Вашингтон-Москва байланышын жакшыртканга көмөктөшпөйт.

Өткөн түнү Райан Кристофер Фоглдун кармалышы жана өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу билдирүүнү президент Путиндин өкүлү Дмитрий Песков жасады. Бул иш боюнча АКШ элчиси Майкл МакФол бүгүн Орусиянын тышкы иштер министрлигине чакырылды. МакФол инцидентке байланыштуу комментарий жасоодон баш тартты. Орусиянын тийиштүү кызматтарынын маалымдашынча, АКШ дипломат-чалгынчы кармалганда жанынан эки парик, компас, Москванын картасы табылган. Ал элчиликтин саясий бөлүмүнүн үчүнчү катчысы кызматын аткарган.

XS
SM
MD
LG