Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

Иранга ядролук программасына байланыштуу эл аралык кысым күчөдү


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ кайра Иранды атомдук бомбаларга тийиштүү шектүү изилдөөлөрүн иликтөөгө бөгөт койбогонго үндөдү. МАГАТЭнин орун басар директору бүгүн Венада кабарчыларга агенттик бул маселени чечкенге бекем бел байлаганын айтты. Бүгүн кечинде Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча комиссары Катерин Эштон Стамбулда Ирандын ядролук сүйлөшүүлөрдөгү башкы дипломаты Саед Жалили менен жолугат.

Апрелдин башында Астанда болгон кездешүүдө алтылыктын атынан Эштон айым жана Жалили өткөргөн сүйлөшүү ийгиликсиз бүткөн. Алтылыкка АКШ, Британия, Германия, Кытай, Орусия жана Франция кирет. Батыш Иранды атомдук бомбанын үстүнөн иштөөдө деп күнөөлөп келет. Тегеран мындай айыптоону четке кагып жүрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG