Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Жириновский: Кыргыз парламенти мени жаңылыш түшүндү


Орусиянын Либерал-демократтык партиясынын лидери Владимир Жириновский жана Мамлекеттик Думадагы ал жетектеген фракция Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимин туура эмес деп эсептейт жана аны “персона нон-грата” деп жарыялоо боюнча чечимди Тышкы иштер министрлиги колдобойт деген үмүттө. Бул жөнүндө ИНТЕРФАКС агенттиги маалымдады. “Мени туура эмес түшүнүштү. Мен эч кандай ырасмий билдирүү жасаган эмесмин... Туризм жигердүүрөөк өнүгүүсү үчүн Ысык-Көлдү 49 жылга ижарага берүү жөнүндө айткам”, - дейт Жириновский.

Кыргыз парламенти шаршемби күнү Жириновскийди “персона нон-грата” деп жарыялап, болочокто Кыргызстанга келишине тыюу салган чечим чыгарган. Мындай сунушту жыйынга катышкан 100 депутаттын 67си колдогон. Депутат Айнуру Алтыбаеванын “Азаттыкка” айтканына караганда, Жогорку Кеңештин мындай кадамга баруусуна саясатчынын Кыргызстанды кемсинтип, каралаган билдирүүлөрү негиз болгон.

Өткөн айда Жириновский Орусиянын Кыргызстандын карызын кечишине ынанбай, насыя ордуна Ысык-Көлдү алыш керек деп чыккан.

Мурда ырасмий Душанбе да Жириновскийдин тажиктерди келекелеген сөздөрүнө байланыштуу Орусияга нараазылык билдирген.

XS
SM
MD
LG