Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Таласта мөөнөтсүз митинг башталды


Чат-Базар айылынын четине тигилген боз үйлөр, Талас. 15-май, 2013.
Чат-Базар айылынын четине тигилген боз үйлөр, Талас. 15-май, 2013.

Жерүй кенине жакын Таластын Чат-Базар айылында нааразылыкка чыккандар акциясы мөөнөтсүз экенин жарыялашты.

Чат-Базар айылындагы жол боюна учурда төрт боз үй тигилди. Анда “Таластын кен байлыктарын коргоо кыймылы” деген чоң жазуу илинип турат. Митингге облустун баш-аягынан 100 чамалуу киши чогулуп, Кумтөр маселеси чечилмейин Жерүй кенин иштетүүгө каршы тураарын айтышууда.




Акцияны уюштуруучулурдын бири Умар Анарбаев мындай дейт:

- Учурда чоң нааразылык жаратып жаткан Кумтөр маселесин чечпей туруп, Жерүй кенин ачабыз деген бул эки жүздүүлүк. Айла жок, бүгүнкү бийликтегилер дагы бир Кумтөрдүкүндөй маселе жаратып жең ичинен соодалашып жатабы деген ой кетет.

Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кечээки жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Таласта Жерүй кенин иштетүүгө каршы чыккандарды кескин сынга алган. Жерүй боюнча түзүлгөн комиссия кенди иштетүүгө инвестор чыкпасын билип туруп, анын баасын көтөргөн деп белгилеген.

Буга жергиликтүү тургун Кубаныч Асан уулу мындайча пикирин билдирди.

- 20 жылдан бери өкмөт Талас облусунун жолдорун оңдоп, оорукана, мектептерди кыйратып салганын деле көргөн жокпуз. Керек болсо берип жаткан 10 пайыздык насыясын дагы алганыбыз деле жок. Биз Жерүйдүн иштешине каршыбыз.

Ал эми митингчилердин алдына келген Талас районунун акими Байрак Сейдибалиев талаптарды бийликке жеткирүүгө убада берди. Анын айтымында, район айлык акы, пенсия, жөлөк пулга кеткен чыгымдын үчтөн бирин гана өзү табат, калганын республикалык бюджеттен алат:

- Жалпы райондун айлык акы боюнча чыгашасы бир жылда 210 млн. сом болсо, биз 65 млн. сомун салыктан табабыз. Айына 42 млн. сом пенсия алабыз, а социалдык фонддон 20-22 млн. сом чогултабыз.

Талас районунун акими Байрак Сейдибалиев митингчилердин алдында, 15-май, 2013.
Талас районунун акими Байрак Сейдибалиев митингчилердин алдында, 15-май, 2013.

Ошол эле кезде бул митингди мурда-кийин кызматтан жыдыган адамдар уюштуруп жатат жана жалпы таластыктардын көз карашын чагылдырбайт дегендер да аз эмес. Алардын бири - Талас районунун тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты Азиз Курамаев:

- Бул жерде олуттуу маселени көтөрүп жатышат. Бирок муну уюштургандардын арасында мурунку бийликтин камчысын чаап, өздөрү мурда бийликте иштегендер деле жүрүшөт. Мына мени ушул нерсе ирээнжитет да.

Быйыл экс-президент Роза Отунбаева да ушул жерге келип, чоң жыйында “Талас калкы өмүрү бою дотацияда жашай албайт, кенди иштетүү зарыл”, - деп айткан эле.

Көптөн бери талаш жаратып келаткан Жерүй кенин иштетүү үчүн сынак 13-майда аяктады. Ага “Континент финанс” аттуу англиялык компания гана документтерин жиберген. Мыйзам боюнча, бир компания гана катышса тендер өткөрүлбөйт.

Таластагы Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени болуп саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүштүн кору бар.


Митингден бир көрүнүш, 15-май, 2013.
Митингден бир көрүнүш, 15-май, 2013.
XS
SM
MD
LG