Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Таласта Жерүй кени боюнча митинг уланат


Бул тууралуу акциянын уюштуруучуларынын бири Кубаныч Асан уулу билдирди. Анын айтымында, 50гө жакын митингчи айылга тигилген боз үйлөргө түнөп чыкты. Нааразылык акциясына чыккандар кыргыз бийлиги Жерүйдү иштетпөө боюнча чечим кабыл алмайын, митинг улана берерин билдиришүүдө. Чат-Базардагы митинг шаршембиде башталган, ага 100 чакты адам катышып, 4 боз үй тигилген.

Жерүй кенин иштетүү үчүн сынакка документтерди кабыл алуу 13-майда аяктады. Конкурска бир гана “Континент финанс” аттуу англиялык компания катышуу каалоосун билдирди. Конкурстун шартына ылайык, эки компания катышмайын кен боюнча аукцион өткөрүүгө болбойт. Ошондуктан конкурсту өткөрүү боюнча комиссия бүгүн жыйынга чогулуп, анын мөөнөтүн узартуу боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн.

Кыргыз өкмөтү Жерүй кенинин наркын 300 миллион доллар деп баалаган. Таластагы Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени болуп саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар.(BkA)

XS
SM
MD
LG