Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

Орусия: Навальныйдын соту жүрүп жатат


Орусиянын Киров облусунун сотунда антикоррупциячыл блоггер Сергей Навальныйдын иши шаршембиден тарта карала баштады. Анда Навальныйга Киров облустук администрациясында иштеп жүргөндө, 510 миң долларлык карагайды өз кызыкчылыгына жумшаган деген айып тагылууда.

Бул жараянда сот Навальныйдын адвокатынын өткөн жумадагы анын иш бөлмөсүндөгү тинтүүнү мыйзамсыз деп табуу өтүнүчүн четке какты.

Соттун алгачкы күнүндө көрсөтмө берген Киров облусунун губернаторунун орун басары Сергей Щерчков, Навальный администрацияда иштегени менен “Кировлес” ишканасынан карагай уурдачудай укукка ээ болбогонун билдирди.

36 жаштагы айыпкер саясий жүйөдөн улам соттолуп жатканын айтып келет. Алексей Навальный былтыр Владимир Путин үчүнчү жолу президент болуп шайлангандан кийин массалык чыгууларды уюштургандардын бири.

XS
SM
MD
LG