Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Барактыктар пахта, жүгөрүсүн Кыргызстанга ташып келди


Чукул кырдаалдар министрлиги Өзбекстандын аймагындагы кыргыз экславы Барактагы тургундардын 520 килограмм пахтасын жана 38 тоннадан ашык жүгөрүсүн 12 унаа менен ташып келди. Жергиликтүү дыйкандар айдап-сепкенин сата албай жатканын айтып, даттанган эле.

Барак анклавында 150дөн ашык түтүн жашайт, анда миңге чукул адам бар. Жергиликтүү тургундар Кыргызстанга кирип-чыгуу кыйындап баратканына арызданып, бийлик өкүлдөрүнө бир канча жолу кайрылган.

Барактыктар буга чейин Кыргызстанга "Бирлешкен" чек ара бекети аркылуу каттачу. Бекет январь айынын башында Баткендеги Чарбак жаңжалынан кийин жабылып, Кыргызстанга кирип-чыгууда кыйынчылык жаралган. (EBM)

XS
SM
MD
LG