Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Жалал-Абад: малдын күр кырылышы боюнча кылмыш иши козголду


Сузак районунун прокуратурасы ууланып кырылган койлор боюнча кылмыш иш козгоду. Текшерүүнүн жүрүшүндө, Чукул кырдаалдар министрлигинин алдындагы Уу калдыктар көмүлгөн жайларды көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлери ишине шалаакылык мамиле кылганы аныкталган.

11-13-май күндөрү Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чабыр аймагында уу заттар көмүлгөн жерде оттогон 130дан ашык кой-козу кырылган. Жалпысынан ал жерге 200дөй кой жайылган. Бул окуя боюнча райондук комиссия түзүлгөн.

Маалыматка караганда, Ак-Чабырда 1980-жылдары 170 тоннадай уулуу заттын калдыктары көмүлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG