Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

Имран Хан шайлоо комиссиясына ультиматум койду


Пакистандык саясатчы Имран Хан парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча партиясынын арызын иликтөө үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына 3 күн берди.

Хан иликтөө жүрбөсө, өлкө боюнча нааразылык акцияларын уюштурарын эскертти. Ал жетектеген "Техрик-э-Инсаф" партиясынын колдоочулары 11-майда алардын добушканаларга баруусуна тоскоолдуктар түзүлгөнүн ырасташууда.

Эреже бузуулар Лахор жана Карачиде өзгөчө көп катталганы айтылууда. Шайлоонун жеңүүчүсү Наваз Шариф Ханды даттануулардан баш тартууга үндөп, өнөктүк негизинен “эркин жана калыс” өткөнүн, тараптар анын жыйынтыктарын кабыл алышы керектигин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG