Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Жалили: Атомдук программа боюнча сүйлөшүү уланат


Ирандын ядролук программасы боюнча делегациясынын жетекчиси Саид Жалили Евробиримдиктин тышкы саясатын тескеген Кэтрин Эштон менен Стамбулда “пайдалуу” сүйлөшүү өткөргөнүн билдирди. Анын айтымында, тараптар диалог мындан ары уланат деп макулдашты. Эштон да Жалили менен “пайдалуу” талкуу болгонун айтып, бирок сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы тууралуу эч нерсе деген жок. Эштон сүйлөшүүлөргө БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү – АКШ, Орусия, Кытай, Британия жана Франция ошондой эле Германиянын атынан катышууда. Алар Иран ядролук куралга умтулбаганын далилдеш үчүн уран байытуу процессин токтотсун деп келатышат. Тегеран атомдук программасы жалаң тынчтык максаттарын көздөөрүн айтып, дүйнөлүк державалар өлкөнүн уран байытуу укугун таанууга тийиш деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG