Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

Кабулдагы жардырууда өлгөндөрдүн саны 15ке жетти


Кабулда бүгүн жанкечтинин жардыруусунан 15 киши, анын ичинде жашы жетелек балдар набыт болду.

НАТО баштаган бейпилдик күчтөрү кол салуу алардын аскердик кербенин бутага алганын билдирди. АКШ жана НАТОнун расмий адамдары маалымдашкандай, өлгөндөрдүн катарында америкалык 2 жоокер жана контракт боюнча иштеген аскерий эмес 4 киши бар. Ооганстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги "Азаттыктын" ооган редакциясына жергиликтүү 9 киши набыт кеткенин, 39 киши жаракат алганын бышыктады.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти белгилүү талаа командири Гулбеддин Хекматиярдын “Хизб-е Ислами” тобу өзүнө алды. Президент Хамид Карзайдын кеңсеси кол салууну кескин айыптаган билдирүү жасады.

XS
SM
MD
LG