Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:55

Сирия: АКШ менен Түркия Асадга кысымды күчөтөт


АКШ президенти Барак Обама менен Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Сириядагы Башар Асаддын режимине кысымды күчөтүүгө макулдашты.

Бул тууралуу эки лидер бейшембиде, Вашингтондо жолуккандан кийин маалымат жыйынында жарыялашты. Сүйлөшүүлөрдө түрк премьери Эрдоган Сирия президенти Башар Асадды бийликтен кетирүү үчүн чечкиндүү кадамдарга өтүүнү сунуштады. АКШ президенти болсо Сирия оппозициясына жардам көбөйтүлөрүн жана Орусия демилгелеген оппозиция менен бийликти мунасага чакырган эл аралык жыйындан үмүттөнүп жатканын билдирди.

Ак үйдөгү кездешүүдө ошондой эле бир катар башка регионалдык маселелер – Израил-Палестина тынчтык сүйлөшүүлөрү, Ирактагы Күрт автономиясы жана энергетика тармагындагы байланыштары, Кипрдин болжолдуу кайра биригүүсү талкууланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG