Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:29

АКШда өзбек жараны террорчу деп кармалды


АКШ күч органдары Айдахо штатында "террорчу" деген шек менен өзбекстандык жаранды кармашты.

Прокурорлордун маалыматы боюнча, 30 жаштагы Фазлиддин Курбановду шаршембиде Бойсе шаарында кармашты. Курбановго чет өлкөлүк террордук уюмга көмөктөшкөн, жардыруучу затты мыйзамсыз сактап жүргөн жана массалык кыргын салчу курал, бомба жөнүндө маалымат тараткан деген айып тагылууда. Курбановдун иши федералдык сотто бүгүн каралат.

XS
SM
MD
LG