Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун ТЭНи даярдалып бүттү


Кытай тарап Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап бүттү.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин башчысы Чыңгыз Эшимбеков билдирди. Анын айтымында, аталган негиздеме боюнча учурда кыргызстандык жана кытайлык адистер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул аяктаган соң кийинки жылы долбоордун техникалык жана каржылык маселелери боюнча сүйлөшүүлөр башталат.

Кыргызстан эл аралык донорлорго темир жол боюнча өзүнүн долбоорун сунуштаган. Анда жолду эл жашаган аймактар аркылуу алып өтүп, тоолорду тешүүнү, көпүрөлөрдү курууну азайтуу каралган.

Темир жолдун болжолдуу баасы 4 миллиард доллар деп бааланууда. Бийлик жолду 2018-жылга чейин куруп бүтүүнү пландаштырып жатат. Маалыматка ылайык, жол курула баштаса, кеминде 10 миңдей жумушчу орун түзүлмөкчү.(BkA)

XS
SM
MD
LG