Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Царнаев: Бостондогу жардыруу Ирак жана Ооганстан үчүн өч алуу


15-апрелдеги Бостондогу кош жардырууну уюштурду деп шектелген Жохар Царнаев бул жардырууларды Ирак жана Ооганстандагы аскердик операциялары үчүн Кошмо Штаттардан өч алуу деп атады.

Америкадагы CBS телеканалынын маалымдашынча, бул тууралуу Царнаев жардыруулардан кийин, полициядан жашырынып жаткан кезде кайыкка чиймелеп жазган. Полиция менен атышуудан каза болгон агасы Тамерландын өлүмүнө кайгырганын жана ал шейит катары бейишке чыгаарын да жазып калтырган.

19-апрелде Бостондогу жардырууну уюштурган деп шектелген ага-ининин улуусу Тамерлан полиция менен атышууда жан берген. Жохар Царнаев болсо кийинки күнү кармалган. Ал полиция менен атышуу маалында алган жараатынан азыр түрмөнүн ооруканасында дарыланып, көрсөтмө берүүдө.

XS
SM
MD
LG