Талас районунун Чат-Базар айылында Жерүй алтын кенин иштетүүгө каршылардын мөөнөтсүз акциясы уланып жатат. Акцияны уюштуруучулардын бири Кубаныч Асан уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн ачкачылык кармагандарга бирөө кошулуп, жалпы саны 11 болду. Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы алардан кабар алып, боз үйдөгү дары-дармектер менен таанышып, кеп-кеңешин айтып кетти.
Райондун акими Байрак Сейдибалиев кырдаал көзөмөлдө экенин, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын “Азаттыкка” маалымдады. (EBM)
Райондун акими Байрак Сейдибалиев кырдаал көзөмөлдө экенин, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын “Азаттыкка” маалымдады. (EBM)