Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:02

Ала-Букада окуучулар мушташа кетти


Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Сафед-Булан айылында өспүрүмдөр ортосунда мушташ чыкты.

Райондук милициянын жетекчиси Асылбек Бийчиевдин "Азаттыкка" маалымдашынча кечээ Сафед-Буланга барган райондук борбордогу Орозалиев атындагы мектептин 11-классынын 21 окуучусу менен жергиликтүү 8-класстын окуучулары араздашып, ал мушташка айланып кеткен. Милиция кызмат башчысы ошондой эле окуя жөнгө салынып, факт боюнча кылмыш иши козголуп, териштирилип жаткандыгын маалымдады.

"Азаттыктын" кабарчылары тактаган акыркы маалыматтарга караганда мушташка катышкан окуучулардын төртөө ооруканага кайрылып, алардын бирөө райондук ооруканага дарыланууга жаткырылды. Бул тууралуу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Исмаил Мамбеткулов билдирди. (EBM/AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG