Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Пакистанда мечиттердеги бомба жарылуудан он адамдын өмүрү кыйылды


Жарылуулар бүгүн өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүндөгү алыскы аймакта болду.

Жергиликтүү полициянын айтымында, Хайбер Пахтунква провинциясынын Малаканд районунун бир кыштагында жума намазга чогулгандар бутага алынган. Кош жарылуудан он адам өлгөндөн тышкары 30дан ашуун киши да жарадар болду.

Мечиттердин биринин чатыры урап, чогулгандарды басып калган. Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок буга дейре аталган аймакта ушундай мүнөздөгү жардырууларды "Талибан" жасап жүрчү. (UE)

XS
SM
MD
LG