Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Ош: милиция мааракелик жолугушууларды көзөмөлдөйт


Ош шаарында мектептин мурдагы бүтүрүүчүлөрү өткөрө турган юбилейлик жолугушуулар милициянын көзөмүлүндө болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечимди Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчилиги кабыл алды.

Апта башында аталган башкармалык акыркы коңгуроо күнү мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кортеждик унааларды пайдаланууга тыюу салган. Быйыл 25-майда шаар милициясынын 150 кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт.

Өткөн жылы калаада акыркы коңгуроо салтанатын белгилөө учурунда жол кырсыгынан эки окуучу кыз жаракат алып, эки киши каза болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG