Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

“Улуттар биримдиги” Токтогулда бөлүмүн ачты


"Улуттар биримдиги" саясий партиясы бүгүн Токтогул шаарчасында өзүнүн райондук бөлүмүн ачып, жаңы мүчөлөрдү кабыл алды. Ошто негизделген бул партия Кыргызстандын башка аймактарында тарапкерлерин катарына тартууда. Бул тууралуу партиянын мүчөсү, журналист жана жазуучу Арслан Койчиев “Азаттыкка” кабарлады.

“Улуттар биримдиги” партиясын Ош шаарынын азыркы мэри Мелис Мырзакматов негиздеген. Бул партия келаткан парламенттик шайлоого камданууда. (SJ)

XS
SM
MD
LG