Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

АКШ Москванын Сирия өкмөтүнө ракета бергенин сындады


АКШнын Биргелешкен штабдар төрагасы, генерал Мартин Дэмпси Орусиянын Дамаск режимине кемелерге каршы ракеталарды сатышын сындап, бул – Сириядагы абалдын оорлошуна гана алып келе турганын билдирди.

Генералдын айтымында, Москванын мындай “жаңылыш чечими” президент Башар Асадга дем берет жана Сирия элинин азап чегүүсүн тереңдетет. Дэмпсинин пресс-конференциясы алдында The New York Times гезити Орусия жакында Сирия өкмөтүнө заманбап радар менен жабдылган “Яхонт” ракета системасын жөнөткөнүн жазган. Ал система кемелерге сокку уруу үчүн колдонот.

Ошол эле маалымат жыйынында АКШнын коргоо министри Чак Хэйгл Москваны Сирия өкмөтүнө аскердик жардам берүү саясатын кайра карап чыгууга чакырды жана АКШ менен Орусия Жакынкы Чыгышта регионалдык согушту алдын алууга кызыкдар деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG