Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Ооган парламенти аялдардын укуктары тууралуу мыйзамды карайт


Ооган парламенти аялдарга каршы зомбулукту алдын алуу мыйзамын талкууламакчы.

Мыйзамда аялдарды зордуктоо, күчкө салып күйөөгө берүү, талаш-тартыштарды жөнгө салууда кун төлөө үчүн пайдалануу жана башка зомбулуктан коргоо каралган. Бирок 2009-жылы президенттин буйругу менен жактырылган жобону депутаттар четке кагышкан. Бүгүн мыйзам чыгаруучулар документти колго салып-салбоо маселесин карашууда.

Айрымдар эл аралык контингент Ооганстандан кеткенден кийин депутаттар мыйзамды күчүнөн кетирип салышы мүмкүн дешет. Башкалары болсо талкуу азыркы жобонун мыйзамдуулугуна көлөкө түшүрөт деген көз карашын билдиришүүдө.

Мыйзам кабыл алынганда прогрессивдүү кадам катары бааланган эле. Бирок укук коргоочу топтордун ырастоосунда, бийлик айрым гана учурларда анын аткарылышын колдоп келет.

XS
SM
MD
LG