Иш-чарага облус аймагындагы Баатыр энелер жана облустун өнүгүүсүнө салым кошкон айымдар катышты. Салтанатты өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү уюштуруп, 11 энеге «Кадырман эне» наамы тапшырылды.
Энелер Караколдо жүрүшкө чыгып, шаардын борборунан «Энелер аллеясына» чейин ырдап барышты. Андан соң аллеяда гүлдөр отургузулду. Караколдун борбордук аянтында концерт, оюн-зоок уюштурулуп, мамлекеттик жетекчилердин катышуусунда салтанат өттү.
Майдын үчүнчү жекшембиси президент Алмазбек Атамбаев тарабынан Энелер күнү катары бекитилген. Ал өткөн жылдан бери белгиленип келүүдө. (MK)