Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Тажикстанда оппозициялык партия түзөм деген ишкер кармалды


Тажикстандык бизнесмен, жакында оппозициялык жаңы партия түзүү пландарын жарыялаган Заид Саидовду чет өлкөдөн келген жеринен камакка алышты. Аны аэропорттон антикоррупциялык мекеменин кызматкерлери кармап кетишкенин "Азаттыктын" тажик редакциясы билдирди. Мекемеден маалымдашкандай, Саидов “олуттуу кылмыштар, анын ичинде паракорлук, көз боёмочулук, кызматынан кыянат пайдалануу” үчүн айыпталууда.

Бир кездери өнөр жай министри болуп иштеген Саидов жана бир катар ишкерлер менен окумуштуулар апрелде “Жаңы Тажикстан” партиясын түзүп жатышканын билдиришкен. Бир нече күн мурун "Азаттыктын" суроолоруна жооп берген бизнесмен саясатка кирээрин жарыялагандан кийин ага кысым күчөгөнүн айтып, бийликтин дооматтары негизсиз деген. Саидов Тажикстандын теннис ассоциациясынын жетекчиси катары Францияда дүйнө чемпионатында жүргөн кезде уурулук кылуу жана көп аял алуу деген беренелер боюнча кылмыш иши козгологон.

XS
SM
MD
LG