Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Тыңчы деп шектелген дипломат Орусиядан чыгып кетти


АКШнын борбордук чалгындоо кызматынын тыңчысы деп шектелген дипломат Райан Фогл жекшембиде Орусиянын аймагынан чыгып кетти. Бул тууралуу орусиялык НТВ каналы маалымдап, дипломаттын Москванын Шереметьево аэропортунан паспорттук текшерүүдөн өтүп жаткан тасманы көрсөттү.

Орусиянын коопсуздук кызматы АКШнын Москвадагы элчилигинин саясий бөлүмүнүн үчүнчү катчысы Фоглду 14-майда кармашкан. Анда Фогл Москвада, орусиялык атайын кызматтын бир өкүлүн АКШнын Борбордук чалгын кызматына (ЦРУ) иштөө үчүн азгырууга аракеттенген. Андан соң Орусиянын Тышкы иштер министрлиги дипломатты “персона нон-грата” деп жарыялап, өлкөдөн тезинен чыгып кетүүгө буюрган.

XS
SM
MD
LG