Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:55

Илимдер академиясында Апсамат Масалиев эскерилет


Бүгүн Улуттук Илимдер Академиясында саясий жана мамлекеттик ишмер Апсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция өтөт. Анда Масалиевдин өмүр жолуна жана Кыргызстанды ал жетектеген жылдардагы саясий абал, жетишкендиктер боюнча талкуу өтүп, илимий докладдар окулмакчы.

Белгилүү саясий жана мамлекеттик ишмер, Апсамат Масалиев бир нече кызматтарды аркалап, Совет доорунун соңку жылдары Кыргыз ССРин жетектеген. Ал 2004-жылдын 31-июлунда дүйнөдөн кайткан.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG