Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Нарын катуу шамалдан жабыркады


Нарын шаары, Нарын жана Ат-Башы райондорунда 19-майда катуу шамал болду. Натыйжада Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектептин, Жаштар сарайынын жана бир катар үйлөрдүн чатырлары сынды. Жалпы зыян 722 миң сомдон ашты.

Нарын районунда 20, ал эми Ат-Башы районунда 10го жакын үйдүн чатырын шамал учуруп кетти. Райондук жарандык коргонуу комиссиялары зыянды тактоо иштерин улантып жатат.

Катуу шамалдан ошондой эле Чүй менен Талас облусунда айрым үйлөр жабыркады. Бул тууралуу Чукул кырдаалдар министрлиги маалымдады. (EBM)

XS
SM
MD
LG