Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Нурдинов: Ала-Букада абал тынч


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов Ала-Букадагы жапырт мушташтан кийинки кырдаал тууралуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Ала-Букадагы окуучулар мушташынан кийин “Тартип” деген атайын иш-чара өткөрүлүп жатканы айтылды эле. Азыр аймакта кырдаал кандай?

Нурдинов: Ушу тушта Ала-Бука районунда коомдук-саясий, криминогендик кырдаал көзөмөлдө. Абал туруктуу деп айтсам болот. Кечээ түнкү саат 12лерге чейин козголгон кылмыш иштин негизинде шек жараткан 60тай баладан көрсөтмө алдык. Беттештирүү процесси болду.

Азыркы күндө кылмышка шектүү эки бала камакка алынды. Алар Сафед-Булан айылынын өспүрүмдөрү. Райондун аймагында 16-майдан бери дагы эле "Тартип" операциясы уланып жатат. Анын алкагында унааларды мыйзамсыз айдап жүргөн, терезелерин караңгылатып алгандарды жазага тартып, административдик протоколдорду түздүк.

Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Негизи кырдаал туруктуу, аймактын элине ар түрдүү ушак-айыңга ишенбеш керек деп айтып койгум келет. Себеби кылмыш иштин алкагында бүт мыйзамдуу гана иш-аракет болуп жатат. Мындайча айтканда, кылмыштын бети ачылды.

“Азаттык”: Негизи ушул окуянын алдын алса болот беле? Турмуштук чыр-чатак улут аралык араздашууга айланып кетпеши үчүн милициянын күчү, аракети жетиштүү болуп жатабы? Өзүңүз билесиз, июнь коогасынын да үч жылдыгы жакындап калды. Ар кандай чагымчыл сөздөр да тарап жатканы айтылууда.

Нурдинов: Ооба, бул окуянын алдын алып, мектеп окуучулары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бири-бири менен жолугуп калганда пикир келишпестик болбош үчүн аракет кылса болмок. Март айында эле өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту азайтуу боюнча чоң жыйын өткөргөнбүз. Анда атайын долбоор кабыл алынып, коопсуздук, мектеп аралык ынтымак деген маселенин баары камтылган болчу.

Мугалимдер ошол балдарды алып, саякатка кетип атканда милицияга бир ооз эле кайрылып коюшса болмок. Негизи жолдо коопсуздукту камсыздап беришибиз керек. Эгер ошентип кабарлап коюшканда бул маселе болбойт эле.

Азыр "ушундан чоң чыр-чатак чыгат, бул окуяга чоңдор да аралашкан", деген сыяктуу ушак-айың сөздөр көп болуп жатат. Мен ушул жерден так айтып коеюн: кылмыштын алкагында бардык нерсе текшерилип, тергөө амалдары да аяктап калды. Бул жерде чоң балдар, же окуучулардан улуулар аралашкан эмес.

Окуучулар өз ара түртүшүп кетип, окуя мушташка айланып кетти. Эми улут аралык араздашууга үндөгөндөр деле болуп жатат. Биз аларга ал кылганыңар туура эмес, - деп түшүндүрүп айтып жатабыз. Кыргыз мектеп менен кыргыз мектеп деле урушат, өзбек мектеп менен деле өзбек мектеп араздашат. Жаш кезде ушундайлар болот деп айтып жатабыз. Аны чоң саясатка аралаштырбай, бул кылмыш иштин логикалык жыйынтыгын чыгарып жатабыз. Кылмышка шектүүлөр кармалды, алар кылганын мойнуна алды.

“Азаттык”: Бул окуядан кийин милиция дагы кандай кошумча чараларды көрүп жатат?

Нурдинов: Ошол айылда активдүү жаштар, аксакалдар, милицияда иштеп жүрүп, ардегер болгондор бар экен. Ошолор менен бирге элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Анан бул окуядан сабак алуу керек. Анткени башка мектептердин ортосунда деле болуп кетиши мүмкүн. Мына 25-майда акыркы коңгуроо сыяктуу мааракелерди милицияга кабарлап, коопсуздук чаралары көрүлсө мындай окуялардын алдын алса болот.
XS
SM
MD
LG