Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Ооганстан: жардыруудан 14 адамдын өмүрү кыйылды


Ооган полициясы жана медициналык кызматкерлери кабарлагандай, Баглан провинциясында орун алган жардыруудан кеминде 14 адам көз жумду, алардын арасында бул провинцияда жогорку кызматта иштеген Расул Мошени да бар болчу.

Полициянын айтымында, жардыргыч затты белине байланган жанкечти Пули-Хумри шаарынын администрациясынын имаратына кирип, өзүн жардырган. Азырынча жардырууга жоопкерчиликти эч ким ала элек (AiK).

XS
SM
MD
LG