Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Ирак: Багдаддагы жардыруудан он алты адам набыт болду


Полициянын айтымында, Багдаддын шииттер жашаган райондорунда беш автоунаа жарылган. Андан кеминде 16 адам өлүп, ондогон адамдар жараат алышты. Ирактын түштүгүндө жайгашкан Басра шаарында эки жардыруу болуп, 70 адам жараат алды.

Өткөн жумадагы теракттардан жалпысынан 140 адам жабыр тартып, өлкө боюнча 75 адам каза тапты, алардын арасында сунниттер да, шииттер да бар. Учурда көпчүлүктү түзгөн сунниттер менен азчылык катары саналган шииттер арасында тирешүү болуп көрбөгөндөй күчөдү.(AiK)

XS
SM
MD
LG