Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Чекеге сүрүлгөн чек ара соодасы


Кыргызстандын түштүк аймагындагы Өзбекстан менен чек ара соодасы солгундады.

Мөмө-жемиш жана жашылчанын ташылып келиши кескин кыскаргандан улам, Ош менен Жалал-Абадда баалар жогору бойдон калууда. Ошондой эле өзбекстандык дүңүнөн соода кылуучуларга тыюу салынгандыктан Кара-Суудагы “Туратаалы” базарында соода жүгүртүүнүн көлөмү жылдагыдан эки эсе төмөндөгөн. Бул тууралуу билдирген адистер эки элдин кылымдар бою келе жаткан соода байланыштарын үзгүлтүккө учуратуунун кесепеттери тууралуу айтышууда.

Мөмө-чөмө эмнеге кымбат?

Ош шаарында жаңыдан чыккан мөмө-жемиш жана жашылча баасы бир топ кымбат бойдон калууда. Учурда шаар базарларындагы кулпунайдын жана гиластын бир килосу 170-175 сомду түзсө, жаңы чыккан талаа помидору 120 сомду чапчып турат. Бадыраң баасы жаздын алгачкы айларындагы 50 сомдон түшө элек. Ош шаарын мөмө-чөмө жана жашылча-жемиш менен Араван району камсыздайт. Бирок жемиштин көпчүлүк бөлүгү Бишкекке ташылгандыктан Ошто ага карата баа баш калаадагыдан анча деле айырмаланбай калган.

Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынын өкүлү Гүлжан Ажиматова бул тууралуу мындай дейт:

- Мындан 2-3 жыл мурун бул мезгилде Ош шаарында мөмө-жемиштердин баасы бир топ эле арзандап калчу. Мына азыр май айы аяктап жатканына карабастан баалар жаңы чыккан мезгилиндегидей эле кымбат бойдон калууда. Өзбекстандан ташылган мөмө-жемиштин көлөмү жылдагыдан кыйла аз.

Баанын кымбат бойдон калышы бейрасмий маалыматка ылайык, Өзбекстандан ташылчу мөмө-жемиш менен жашылчага киргизилген атайын чектөөлөр менен байланыштуу. Ал жагдайга басым жасаган соодагерлер бул мезгилде Өзбекстан менен чектешкен “Достук” жана “Халмион” өткөрмө бекеттеринен күнүнө 35-40 фура жүк тартып чыгарган учурлар артта калганын белгилешүүдө. Анын көпчүлүк бөлүгү учурунда Кыргызстан аркылуу Казакстан менен Орусияга жөнөтүлүп турган.

Өнүктүрүү саясаты институтунун демилгеси менен “Достук” бажы өткөрмө бекетине барган журналисттер тобу чек ара тилкесиндеги алды-саттынын мына ушундай абалы менен таанышып кайтышты. Мында көп жылдан бери иштеген жергиликтүү таксист Бектемир Алимбеков жашылча-жемиш сезону быйыл жылдагыдай болбой жатканына токтолду:

- Мына ушул жерге мөмө-чөмө, жашылчаны арабалар менен же колго көтөрүп, алып чыгышчу. Быйыл анын бири жок. Азыркы учурда ал жактан адамдар зорго өтүп жатат. Бизге жеткен маалымат боюнча товар алып өтүүдөгү мыйзамдуу жана мыйзамсыз акча талап кылуунун өлчөмү өсүп кеткен дешет.

Ачылбаган бекеттер, кыйналган эл

Ошол эле кезде чек арадан Кыргызстанды карай өтүп келе жаткан өзбекстандык айым Кыргызстан көздөй жүктү өзбек бажыканасы жылдагыдай өткөрбөй калганын белгиледи. Расмий эмес маалыматтарга караганда Өзбекстан Кыргызстанга киргизилчү башка товарлар менен катар эле мөмө-жемишке экспорттук бажы төлөмүн киргизип салган. Өзбекстандык Мавлюда аттуу аял бул тууралуу мындай дейт:

- Азыр эми жолдор толук ачылбай жатпайбы. Ошондуктан биз бул жакка келе жатканда туугандарга учурашып келүүгө гана уруксат беришүүдө. Ашыкча бир нерсе алып өтсөң, чоң акча талап кылышат. Мурда жолдор ачык эле. Жашыруун өткөрмө жайлар аркылуу да өтүп келет элек. Азыр анын бардыгын жаап салышкан. Товар менен өтүш өтө эле коркунучтуу. Бир сезондо эккен жемиштерди Кыргызстанга сатып барып, колго чоң акча кармап кеткен күндөр жок эми.

Өзбекстандын бийлиги 4-5 жылдан бери чычкан жөргөлөгүс шартта чек араны тосмолоп, тилкени бойлото аңдарды казып салган. Буга карабастан жергиликтүү тургундар тиричилик үчүн соодасын аткезчилик жол менен кооптуу шартта алып өтүшөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы “Шаркансай”, “Сүрөт таш”, “Төрт-Көчө”, “Савай”, "Алга”, “Халмион”, “Бекабад”, “Маданият” сыяктуу өткөрмө бекеттер 2010-жылдан бери ачылбай турат. Кара-Суу базарында иштеген Айсалкын Жаркынбаева анын залакасы соодага тийип жатканына токтолду:

- Өзбекстан ачылса, ал жактагы да, бул жактагы да карапайым адамдарга жакшы болот эле. Биздин тиричилигибиз эле ушул соодадан да. Биздин угушубузча аларда товарлардын баасы кымбаттап кеткен. Бул жакка келе алышпайт экен. Бизде болсо соода солгундап, кирешебиз азайды. Ушуну биздин өкмөт эртерээк сүйлөшүп, ачса болбойт бекен?

Үлкөн компания артындагы үлкөн адамдар

Дүйнөлүк банктын иликтөөсүнө караганда Кара-Сууда соода жүгүртүүнүн көлөмү 2009-жылга чейин 450 миллион АКШ долларына барабар болгон. 2010-жылкы июнь окуясынан кийин анын көлөмү эки эсе кыскарганы Кыргызстандын базарлар биримдигинин 2011-жылдагы баяндамасында көрсөтүлгөн болчу. Бирок базардагы соода жүгүртүү 2009-жылга чейин эле төмөндөй баштаганы байкалган. Анткени талдоочулар Өзбекстан өзүнүн ички рыногу үчүн чек ара соодасын бууп, аны бир колго топтоо амалын көрө баштаган. Ошондуктан Өзбекстан бийлиги Кытайдан ташылчу товарларды Кыргызстан аркылуу алып өтүү укугун “Абу-Сахий” деген бир гана компанияга тапшырган.

Борбор Азиядагы эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев аталган компания өзбек президентинин жакын адамдарына таандык экенин иликтеп чыгышканын айтты:

- Мына ошол президент Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага караштуу компания товарларды ташуу укугун жалгыз өзү моюнуна алып алган. Ал компания 2010-жылдан кийин деле монополист катары кала берди. Ал эми башка карапайым адамдар тиричилигин өткөрүш үчүн өмүрүн тобокелчиликке салып, жашыруун жолдор менен дагы деле товар ташып өтүп жатышат. Бирок мурдагыдай көп өлчөмдө өткөрө албай калышты. Анткени аларды кандай жагдайда болбосун атып салышы мүмкүн. Негизи эркин чек ара соодасынын үзгүлтүккө учурашы жакшы жөрөлгө эмес.

“Дордой” жана “Кара-Суу” базарларына түшкөн чет элдик товарлардын жетимиш беш пайыздан ашууну кайра үчүнчү бир өлкөлөргө реэкспортко жөнөтүлүп келген. Анын дээрлик көпчүлүк бөлүгүн Кытай өндүрүшүнөн чыккан товарлар түзгөн. 2009-жылга чейин эркин базар институтунун маалыматы боюнча, жылына Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга 846 миллион долларлык товар кетип турган.

"Абу-Сахийге" эч кимдин алы жетпейби?

Мындай ири киреше чек аранын эки тарабындагы майда соодагерлердин чөнтөгүнө түшүп турганын байкаган “Абу-Сахий” компаниясы Кытайдан товар ташууну өзүнүн колуна алган. 2010-жылга чейин Кыргызстанда анын үч филиалы иштеп турган. Бирок андан кийин ал компания товарларды Кытайдан түз ташый баштаган. Кара-Суудагы “Туратаалы” базарынын башчысы Манас Үсөнов аталган компаниянын үстөмдүгүн жокко чыгаруу жагы чечилбей жатканына токтолду:

- Мына ошол компания боюнча райондук жана облустук деңгээлде бир топ жыйналыштар болгон. Бирок бир дагы жыйынтык чыккан жок. Биздин аткаминерлер ачык эле ал компанияны киргизбей коё албайбыз деп алакан жайышууда. Бирок кандайдыр бир шарттарды же мунасага келүү жагын караштырыш керек эле да. Тилекке каршы андай болгон жок.

Кара-Суудагы соодагерлер Өзбекстандын Ташкент, Кокон, Наманган, Самарканд жана Бухара сыяктуу ири шаарларынан келген адамдар мындан 8-9 жыл мурун эле кымгууттай каттап, товар ташып кеткен учурларын эскеришет. Бирок учурда Өзбекстан чек ара соодасына карата көзөмөлдү күчөткөндүктөн соодагерлердин агымы кескин токтогон. “Достук” бажы өткөрмө бекетинин башчысы Адыл Лолобаев кыргыз бажычылары транзиттик жүктү токтото албай турганын түшүндүрдү:

- Бул дүйнөлүк тажрыйбада ушундай. Биз Өзбекстандын жүгү транзит менен өтүп баратса токтотуп коё албайбыз. Биздин жүктөр деле Өзбекстан аркылуу өтөт. Алар тоскоолдуксуз өткөрүүгө милдетүү. Ошондуктан бул маселе кандайдыр бир талкууга жата турган жагдайларга кирбейт.

Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 1998-жылдагы “Бирдиктүү соода-экономикалык мейкиндик” боюнча макулдашууга ылайык жөнгө салынат. Бирок адистердин айтымында, салык жана бажы төлөмдөрүн алууда Өзбекстандын шарттары кийин катаалдашып кеткен. Мындан улам, кыргызстандык ишкерлердин Өзбекстан рыногуна чыгуусу азайып, жалпы соода жүгүртүүнүн көлөмү да кескин кыскарган.

XS
SM
MD
LG