Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Бүгүн Нарында облус башчысын колдогон митинг өтөт


Митингдин уюштуруучуларынын айтымында, өкмөттүн облустагы ыйгарым өкүлү Канатбек Муратбеков кызматтан алынаары тууралуу кеп тароодо. Мындан улам Муратбековду колдоо комитети түзүлүп, ал бүгүн борбордук аянтта митинг өткөргөнү жатат. Митингдин катышуучулары борбордук бийликтен Муратбековду кызматта калтырууну өтүнүшөт.

Канатбек Муратбеков болсо жумуштан кетүү тууралуу арыз жазбаганын, бирок буга байланыштуу өкмөт чечими бир жумадан кийин маалым болорун кабарлады. Өткөн айдагы өкмөт жыйынында Муратбековго ишиндеги кемчиликтери үчүн сөгүш берилген болчу.(TSh\BkA)

XS
SM
MD
LG