Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Брюсселде Сербия-Косово сүйлөшүүсү өтөт


Сербиянын премьер-министри Ивица Дачич косоволук кесиптеши Хашим Тачи менен сүйлөшүүсү Евробиримдиктин ортомчулугу менен өтүүдө. Анда эки өлкө ортосундагы өз ара мамилени жакшыртуу боюнча келишимдин аткарылышы талкууланат.

Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле дүйшөмбү күнү эки өлкө ортосунда жетишилген келишимди тарыхый окуя деп атап, аны ишке ашыруу үчүн конкреттүү кадамдарды жасоого чакырды.

Немис тышкы иштер министри андан мурда бул аймакка келип, эки өлкөнүн премьер-министрлери менен жолуккан. Анда Сербиянын өкүлдөрү Косово менен мамилени жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн өз шартын койгон. Ага ылайык, Евробиримдик мүчөлүккө алуу боюнча Сербия менен сүйлөшүүлөрдү башташы керек. Евробиримдиктин мүчөлөрү мындай шартка макул болуп, Сербиянын бул сунушун июндун аягында караган жатат.

2008-жылы Косово өзүн Сербиядан көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган. Белград муну таануудан баш тартып келет.

XS
SM
MD
LG