Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

Оштогу темир эритүүчү мештеги жарылуу иликтенүүдө


Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттыкка» билдирди.

17-майда түшкө жакын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан темир эритүүчү цехте меш жарылган. Андан ишкананын бир кызматкери жабыркап, ооруканага түшкөн. Денеси катуу күйгөндүктөн, бир күн өтпөй ооруканада каза болгон.
Окуя алгач кокустук деп бааланган. Учурда буга байланыштуу текшерүүлөр жүрүп жатат. Анын натыйжасы менен ишкана жетекчилигине шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Цех жеке ишкана катары каттоодон өткөн. Кырсыктан набыт болгон 47 жаштагы Шарабидин Азимов Кара-Суу районунун Фуркат айылында жашаган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG