Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

Ысык- Көл: наристени сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголо элек


Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйүнүн кызматкери жана Жети-Өгүз райондук социалдык фондунун жетектөөчү адиси 27-апрель күнү ымыркай сатканы жөнүндө маалымат түшкөн.

Маалыматка ылайык, сатылып кеткен наристе Ак-Суу районунун Бурма-Суу айылынан табылган. Учурда Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмү тарабынан фактыны текшерүү иштери жүрүп жатат. Бирок кылмыш иши козголо элек.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын башчысы Токтобек Маанаев кол астындагы башка кызматкерлердин бул ишке тиешеси жок экенин билдирген. (МК)

XS
SM
MD
LG