Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Ысык-Көлдө жардамга муктаж 35 үй-бүлөгө нике күбөлүгү берилди


Ысык-Көл райондук администрациясы 20-май Энелер күнүндө жардамга муктаж 35 үй-бүлөгө нике күбөлүгүн тапшырды. Бул иш-чара “Үй-бүлөнү бекемдөө” долбоорунун демөөрчүлүгү менен ишке ашканын Ысык-Көл районунун акиминин биринчи орун басары Рита Борбукеева билдирди.

Райондогу жарандык абалдын актысын каттоо бөлүмүнүн башчысы Чайгүл Сагынованын айтымында, жардамга муктаж мындай үй-бүлөлөргө нике күбөлүгүн тапшыруу саамалыгы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат.

Чакырылган 35 үй-бүлөгө Ысык-Көл районундагы 107 жаштагы Оңол Алыбаева баш болуп “Кадырман эне” жана “Эң кайраттуу эне” деп аталган апалар ак батасын беришти. (МК)

XS
SM
MD
LG