Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Муфтият: ажыга барчулардын тизмесин түзүү баштала элек


Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы быйылкы ажылык сапарды уюштуруп өткөрүү боюнча облустук жана шаардык казыяттарга эскертүү берди.

Ага ылайык, муфтият ажылык сапарды уюштуруу иштерин баштады, бирок дин башкармалыгынын башка структураларына конкреттүү тапшырмаларды азырынча бере элек. Ошондуктан кээ бир аймактарда ажыга бара турган адамдардын тизмесин түзүп, паспортторун чогултуу иштери мыйзамсыз. Мусулмандарга туура эмес маалымат берип, башаламандыкка жол бергендер жазага тартылат.

Муфтият буга чейин Орозо жана Курман айт күндөрүн аныктаган. Рамазан айынын биринчи күнү 9-июль, Орозо айт 8-август, ал эми Курман айт 15-октябрь деп белгиленген. Бирок айдын чыгышына карата бир күнгө айырма болушу ыктымал. (EBM)

XS
SM
MD
LG