Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Анна Политковскаянын иши сотто каралат


Таанымал журналист 2006-жылы киши колдуу болуп өлгөн. Орусиянын тергөө комитетинин өкүлүнүн маалымдашынча, Политковскаяны өлтүрдү деп, чеченстандык Ломали Гайтукеев, анын жээндери: Рустам, Ибрагим жана Жабраил Махмудовдор, мурдагы полиция кызматкери Сергей Хаджикурбанов айыпталууда. Буларга мыйзамсыз курал сактаган деген да күнөө тагылууда.

Сот 2009-жылы бир тууган Махмудовдорду актаган болчу. Сот менен кызматташкан башка бир экс-полиция кызматкери Дмитрий Павлюченков декабрда 11 жылга кесилген. Чеченстандагы адам укуктарын бузууларды изилдеп таанылган Политковская Москвада, үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG