Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Грузия: кумсаларга кол салды деп шектелген төрт адам камакка алынды


Алар өткөн жума күнү Тбилисиде болбой калган гейлердин укугун коргоого үндөгөн демонстрацияга кол салды деп айыпталды. Грузиянын ички иштер министрлигинин маалымдашынча, төртөөнө "полицияга баш ийбеди" деген күнөө тагылган.

Өткөн жума күнү Гомофобияга каршы күрөштүн эл аралык күнүн белгилеп, Тбилисиде гейлердин парадын өткөргөнү жаткан ондогон адамдарга миңдеген активисттер кол салган. Алар полициянын катарын бузуп өткөндөн кийин, кумсалар полициянын жардамы менен качып кутулган. Чатакта 17 киши жараат алган. Андан бир күн мурда Грузин ортодокс чиркөөсүнүн патриархы Илья II бийликти гейлердин парадына уруксат бербөөгө чакырган. Евробиримдиктин Тбилисидеги кеңсеси кумсаларга жасалган зобундук үрөйдү учурганын билдирген.

XS
SM
MD
LG