Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:34

Жапон элчиси Ошко барды


Жапониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэ бүгүн иш сапары менен Ош облусуна барды. Ал БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) «Кыргызстандык балдарга билим берүү мекемелеринин шартын жакшыртуу» долбоорунун алкагында жүрүп жаткан иштер менен таанышты.

ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн жапон өкмөтү фондго 4 678 570 доллар өлчөмүндө грант берген. Ал каражат 2012-2014-жылдар аралыгында начар шарттагы мектептерди жана бала бакчаларды оңдоп-түзөөгө, жаңы эмеректерди сатып алууга жумшалышы керек.

Жапон элчиси бүгүн Кара-Суу районунда долбоордун акчасы менен оңдоодон өткөн 3 мектепти барып көрдү.

Долбоордун алкагында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы 41 мектепке, 12 бала бакчага жардам көрсөтүлүп жатат. Көмөк берилип жаткан мекемелердеги балдардын жалпы саны 25 миңге чамалайт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG