Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Батукаев боюнча комиссия күч органдарынын жетекчилерин кызматтан алууну сунуштоодо


Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия өз корутундусунда вице-премьер-министр Шамил Атахановду, Башкы прокурор Аида Салянованы, Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевди, ички иштер министри Абдылда Суранчиевди кызматтан алууну өкмөткө сунуштап жатат.

Бул тууралуу аталган комиссия мүчөсү, депутат Равшан Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, иликтөө жүрүшүндө Батукаевдин абактан бошотулушуна байланыштуу бир катар күмөндүү жагдайлар белгилүү болду. Мындан улам комиссия бул боюнча кылмыш ишин ачып, ага жол берген жетекчилердин жоопкерчилигин кароону сунуштап жатат. Жээнбеков кошумчалагандай, аталган корутундуга комиссиянын 5 мүчөсү кол койду. Ал эми калган төрт мүчөсү азырынча позициясын билдире элек. Ошондуктан комиссия корутундусу парламенттин ушул жумадагы жыйынында каралбай калышы мүмкүн. Ал эми корутундуга кол коё элек депутаттардын бири, социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Дамира Ниязалиева комиссия бул боюнча талкуулап, орток чечим кабыл алынбаганы үчүн кол койбогонун билдирди.

9-апрелде Нарын шаардык соту кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деп бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Парламент бул окуя боюнча депутаттык комиссия түзгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG